
Тегерек стол жыйындары
Урматтуу өнөктөштөр, «2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү жолунда: ишке ашыруу үчүн сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу» темасында тегерек стол жыйынына кошулуӊуздар.
Бул Кыргызстандагы аз көмүртектүү өнүгүү маселелери боюнча бардык кызыктар тараптар үчүн өз ара пикир жана тажрыйба алмашуунун эӊ сонун мүмкүнчүлүгү.
Талкуу убагында биз изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардагы артыкчылыктуу муктаждыктарды, технологиялык боштуктарды, инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү, Кыргызстандын аз көмүртектүү экономикага өтүшү үчүн инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулайбыз. Ошондой эле, биз мамлекеттик органдардын, жеке менчик сектордун, коомдук жана илимий уюмдардын, ошондой эле аймактык жана эл аралык өнөктөштөрдүн бул процесстеги ролун дагы карап көрөбүз.
Бул тегерек столдун максаты аз көмүртектүү өнүгүү боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу болуп саналат. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Юнисон Групп жана Global Factor менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосунда «Климаттык перспектива» программасынын алкагында уюштурат. Тегерек столдун катышуучулары изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардагы артыкчылыктуу муктаждыктарды талкуулайт.
Дата жана формат: 2024-жылы 16-февралда гибриддик форматта.
Zoom үчүн шилтеме: онлайн катышуу
https://us02web.zoom.us/meeting/register/tZYkfu-gpzoqG9Qo1G8xyG_anjgglNQ...
▪️Жумушчу тилдери: орус тили