Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Балыкчы, Сүлүктү жана Токтогул шаарларында энергетикалык натыйжалуулукту жана энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү программасы

Локация:

Колдоо: 

Дүйнөлүк Банктын ESMAP Программасы

Статус: 
Аяктаган

Долбоор Кыргызстандын чакан шаарларынын энергетикалык натыйжалуулугун өнүктүрүү, шаар тургундары үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана алардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн багытталган. Пилоттук шаарлар катары Балыкчы, Токтогул жана Сүлүктү шаарлары тандалып алынган, алар кийин Кыргызстандын башка чакан шаарлары үчүн татыктуу ийгиликтүү мисал болуп калышы мүмкүн.
Долбоор боюнча каржылоонун жалпы суммасы 14,4 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинде 6,6 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттар жана ЭӨА линиясы боюнча (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы) бөлүнгөн 5,4 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражаттар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2,4 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кошумча каржылоосу камтылган.

Долбоордун өнөктөштөрү: 

АРИС

Кызматтардын тизмеси: 
  • Шаарларды өнүктүрүү программасынын алкагында көчө жарыктандыруусу боюнча кийинки реабилитациялык жумуштарды ишке ашыруу максатында Балыкчы жана Токтогул шаарлары үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо (ДСД).  
  • Шаарларды өнүктүрүү программасынын алкагында энергия натыйжалуулук жана сейсмикалык туруктуулук боюнча кийинки реабилитациялык жумуштарды ишке ашыруу үчүн Балыкчы жана Токтогул шаарлары үчүн долбоордук-сметалык документтердин техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдоо (ДСД ТЭН):  
  • 4 ТЭН мектептер үчүн;
  • 2 ТЭН бала бакчалар үчүн;
  • 2 ТЭН көчө жарыктандыруусу үчүн
Натыйжасы/ Жыйынтыгы: 
  • Шаарлардын экономикасын мындан ары өнүктүрүү үчүн энергияны үнөмдөөчү программалардын актуалдуулугун жана зарылдыгын шаардык кеңештин депутаттары өз сессияларында бекитип, кабыл алышкан. Учурда программалар практикалык баскычка өттү.
Бизге жазыӊыз