
Имараттардын энергетикалык классын эсептөө боюнча тренинг ийгиликтүү аяктады. 2025-жылдын 3-апрелинде Бишкекте имараттардын энергетикалык классын эсептөөгө арналган экинчи гидриддик тренерлер үчүн тренинг (ToT) болуп өттү.
Окутууга жогорку окуу жайлардын окутуучулары, энергетика, курулуш жана жылуулук техникасы жаатындагы сертификатталган адистер катышты. Жыйынтыгында алар энергия натыйжалуулукту эсептөө үчүн Кыргызстандын климатына ылайыкталып жаӊыланган Excel-инструментин өздөштүрүштү, EN 15316-1 стандартын, терминологияны, жоготууну жана пайдалуу кыймыл коэффицентин баалоо ыкмасын үйрөнүштү, жылытуу, ысык суу менен камсыздоо, күн жана фотоэлектр системалары боюнча практикалык кейстерге алган билимдерин колдонушту.
Стандарттуу энергия натыйжалуу технологиялар – бул Кыргызстандагы имараттар үчүн эӊ төмөнкү талап (класс В). Мындай ыкма алдыӊкы ата мекендик практикага жооп берет жана бүткүл өлкө боюнча имараттарды жаӊылоого багытталган.
Энергетикалык натыйжалуулукту баалоо методологиясы өлкөнүн климаттык шарттарына, курулуш ченемдерине жана инженердик системаларына ылайыкталып атайын иштелип чыгарылган Excel-инструментин пайдаланууга негизделген. Бул инструмент 2025-жылы эл аралык жана жергиликтүү ЮНИСОН уюмунун эксперттеринин командасы тарабынан жаӊылынган, бул бүткүл өлкө боюнча эсептөөлөрдү стандартка келтирүү жана имараттарды сертификациялоодо маанилүү кызмат аткарууда.
Excel-инструменттин артыкчылыгы:
- Эсептөөлөрдү стандартка келтирүү
- Энергетикалык сертификациялоодо каталарды азайтуу
- Орнотулган маалымат базасынын жардамы менен убакытты үнөмдөө
Финалдык сессия кийинки аптада болот. Биздин жаӊылыктарга көз салыӊыздар.
Тренинг Эл аралык климаттык демилгенин бир бөлүгү IKI чакан гранттар программасы колдогон «Энергия натыйжалуулук боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлиги (BMWK) менен Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланып, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH аркылуу ишке ашырылууда.