Warning message

The string webform:55:preview_message could not be refreshed with the text format popup_tags because it is not allowed for translation.

Бишкекте «2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү жолунда: ишке ашыруу үчүн сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу» темасында тегерек стол жыйыны болду

Тегерек стол жыйындары

2024-жылы 16-февралда Бишкек ш. «2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү жолунда: ишке ашыруу үчүн сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу» темасындагы тегерек стол жыйыны болду. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Юнисон Групп жана Global Factor менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосунда «Климаттык перспектива» программасынын алкагында уюштурду.

Кыргыз Республикасы 2000-жылдан тартып БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвециясынын тарабы болуп саналат жана Париж макулдашуусун ратификациялаган. 2021-жылы өлкө парник газдарын кыскартуу жана климаттык өзгөрүүлөргө карата бир кыйла дымактуу максаттарды белгилөө менен өзүнүн Улуттук деӊгээлде аныкталуучу салымын (УДАС) жана Париж макулдашуусу боюнча милдеттенмелерин жаӊылады. Ал эми БУУӨП Министрлер Кабинетине узак мөөнөттүү аз көмүртектүү өнүгүү концепциясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүнү пландоодо.

УДАСтын негизги максаттары:

  • Кыргызстанда парник газдарын бөлүп чыгарууну 2025-жылга чейин 16,63% жана 2030-жылга карата 15,97% сөзсүз кыскарта турган болсо, «кадыресе бизнес» сценарийи боюнча бул көрсөткүч эл аралык колдоо менен 2025-жылга 36,61% жана 2030-жылга карата 43,62% көбөйтүлүшү мүмкүн.
  • Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерине адаптациялоо, туруктуулукту жогорулатуу жана тобокелдиктер менен алсыздыкка дуушар болууну азайтуу.
  • Адаптация, митигация жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү ортосунда синергияны жана биргелешкен пайданы түзүү.

Глазгодо өткөн БУУнун Климаттык өзгөрүү боюнча конвенциясынын Тараптарынын 26-конференциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти өлкөнүн 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүдөгү милдеттенмесин жарыялады. БУУӨП Министрлер Кабинетин, анын ичинде климаттык саясатты ишке ашырууга жооптуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин колдоого алууну көздөп турат.  
 
Бул тегерек столдун максаты аз көмүртектүү өнүгүү боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу болуп саналат.

Тегерек стол жыйынынын катышуучулары Кыргызстандын аз көмүртектүү экономикага өтүшүн колдоо үчүн изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардагы артыкчылыктуу муктаждыктарды талкуулашты. Бул өзүнө укуктук жана технологиялык боштуктарды, инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү жана мамлекеттик органдар, жеке менчик сектор, коомдук жана илимий уюмдар, ошондой эле аймактык жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттери өлкөнүн аз көмүртектүү өнүгүүсүнө алда канча натыйжалуу таасирин тийгизе ала турган тармактарды камтыйт.   

Тегерек столдун күтүлгөн жыйынтыктары:

  • Көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү үчүн негизги изилдөөлөр боюнча сунуштамалар;
  • Өлкөнүн климаттык саясатын жана мыйзамдарын күчөтүү үчүн укуктук, институционалдык жана башка боштуктарын аныктоо;
  • Климаттык технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүү жана артыкчылыктуу секторлорго өткөрүп берүү жана жеке менчиктин катышуусуна дем берүү боюнча чаралар;
  • Мамлекеттик уюмдардын, жеке сектордун жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү болгон кызыктар тараптарга аймактык жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча корутундулар жана сунуштар.
Бизге жазыӊыз