Жашыл экономикалык форумдун жыйынтык чечими

Назарыңыздарга 2016 жылдын 30 ноябрында болуп өткөн “Жашыл Экономика - Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн негизи» жашыл экономикалык форумдагы жыйынтык чечимин тартуулайбыз. Форумга мамлекеттик мекемелер, жарандык коом уюмдар, улуттук жана эл аралык эксперттик уюмдар жана бизнес-жамаатынын өкүлдөрү катышышкан.
Форум учурунда Кыргызстандагы жашыл экономиканын өсүшүнө тоскол болгон актуалдуу суроолор каралды. Жеке сектордогу жашыл технологияларды колдонуп аткарылып жаткан долбоорлор жана демилгелер көрсөтүлдү; экономиканын бардык секторлорунда энергия натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу үчүн көптөгөн идеялар жана сунуштар айтылды.

Көптөгөн талкуулар жана бул багытта иш алып барып келген эксперттердин пикирлерин угуп, бул багытта иштеген уюмдардын кеңешин угуп Жашыл экономикалык форумдун жыйынтык чечими кабыл алынды. Документ Кыргызстандагы жашыл экономика өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жол картасы болушу мүмкүн. Жыйынтык чечимин ишке ашырууну КР экономика министрлиги алып барат, башкы максаты болуп айлана-чөйрөгө ыктыяр мамиле жана экологиядагы климаттын өзгөрүүсүн алдын алдын алуу, туруктуу экономикалык өнүгүүсү болуп эсептелет.

Жыйынтык чечимдин толук тексти менен бул жерден таанышсаңыздар болот.  жүктөө (pdf, 361 Кбт)