Казып алынуучу отундар дайыма өз ордунда - жер алдында биротоло кала берүүгө тийиш - БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш

Мадриддеги климат боюнча конференциянын катышуучуларына кайрылып жатып, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш аларды «үмүт жолунда» бекем турууга жана климаттык кыйроолорго жол бербөөгө чакырды.

«Биз өзүбүздүн планетаны – биздин жашообуздун өзөгүн бузуп жатабыз. Адамзат алдында чоң тандоо турат: же ошол кыйрап жок болуу багытында илгерилөөнү улантуу, же үмүт жолун тандап, Париж саммитинде берилген убаданы: глобалдык температуранын жогорулашын 1,5°С чегинде кармоону аткаруубуз керек.

Биз жолдун айрылышында турабыз: биздин алдыбызда эки жол турат жана жакынкы он жылдыктын аягында биз кандай жолдо бара жатканыбыз белгилүү болот. Биз эч нерсе кылбастан уйку-соонун арасындагы кишидей кайра кайткыс кыйроо багытын көздөй бара беребиз жана аны менен планетанын ар бир жашоочусунун ден соолугун жана коопсуздугун тобокелдикке алып барабыз. Экинчи жол – бул үмүт жолу. Биз бүткүл планетаны өрт каптап жатканда башын кумга катып алган жана болоор болбос иштер менен алек болгон муун катары адамзат тарыхында калууну чындап эле каалайбызбы?

Жападан жалгыз тандоо – бул глобалдык температуранын жогорулашын 1,5°С чегинде кармоо жана кылым ортосунда парник газдарын бөлүп чыгарууну нөлгө келтирүү. Болбосо окумуштуулар эскерткендей, бизди кыйроо күтүп турат. Андан качуу үчүн – казып алынуучу отундар дайыма өз ордунда - жер алдында биротоло кала берүүгө тийиш. жана ал жолго бүгүнкү күнү жана азыр барышыбыз керек – климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери шартында жашоого мажбур боло турган жаштар мууну дагы ушуну талап кылууда. Илимпоздордун корутундусу, бул Климаттык өзгөрүү боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык үч баяндамасы жана Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун парник газдарынын эмиссиялары жана концентрациясы жөнүндө жакынкы эки изилдөөсү - биз өзүбүз жашап жаткан тутумдун өзүн билип туруп бузуп талкалап жатканыбызды ачык көрсөтүп турат.

Дагы бир мисал: дүйнөнүн ар кыл аймактарында мурдагыдай эле көптөгөн көмүр электр станциялары курулууда. Эгерде биз ушул көмүргө болгон көз карандылыктан кутула албасак, биздин климаттык өзгөрүүнү кармап калуу боюнча бардык аракеттерибиз текке кетет. Курчап-турган чөйрө боюнча БУУ Программасынын маалыматы боюнча, мамлекеттер казып алынуучу отунду өндүрүүнү улантууну, болгондо дагы абанын ысышын 1,5°С чегинде кармап калууга мүмкүн болгон деңгээлден эки эсе жогору масштабда казып алууну максат кылып жатышат.

Көптөгөн мамлекеттер, компаниялар, финансылык институттар үмүт жараткан кадамдарды жасоодо. Мисалы Европалык инвестициялык банк, 2021-жылдын аягына карата казып алынуучу отунга байланышкан долбоорлорду каржылоону токтото турганын жарыялады. Бирок кескин түрдө кайра куруу керек болуп турган учурда мындай өзгөрүүлөр абдан жай жүрүп жатат. Анан глобалдык деңгээлде парник газдарын бөлүп чыгаруунун төрттөн үч бөлүгү туура келген «чоң жыйырмалыктын» өлкөлөрү биринчи кезекте кайра курууну жүзөгө ашырышы керек. Өндүрүүчү өнөр жайдан тышкары, климаттык өзгөрүүгө айыл чарбасы, транспорт, натыйжасыз шаар пландаштыруу, курулуш, цемент жана болот өндүрүү, ошондой эле, башка өнөр жай тармактары дагы өз «салымын» кошуп жатат.

Эгерде биз ушул көмүргө көз карандылыктан арылбасак, анда биздин климаттык өзгөрүүнү токтотуу аракеттерибиз текке кетет. Биз жашоо мүнөзүбүздү толук түрдө өзгөртүшүбүз керек. Биздин бизнес жүргүзүп, шаарларды куруп, орун которуп, азык-түлүк өндүрүп жатканыбызды – бардыгын чечкиндүү түрдө жана мүмкүн болушунча тез арада өзгөртүү зарыл.

Эгерде өкмөттөр он жыл мурда окумуштуулардын сөзүн укканда жана керектүү аракеттерди жасаганда аларга парник газдарын жыл сайын 3,3 пайызга кыскартууга туура келмек. Бирок мындай болгон жок! Бүгүн болсо алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн эмиссияларды 7,6 пайызга кыскартуу керек болот. Бирок азырынча алар өсүүнүн гана үстүндө: акыркы 10 жылда эмиссиялардын көлөмү 1,5 пайызга көбөйгөн.

Эң зарыл кадамдар – казылып алынуучу отундарга субсидияны жокко чыгаруу, көмүр электростанцияларды жабуу жана «жашыл экономикага» өтүү. Эң маанилүү маселелердин бири боюнча чараларды – эмиссияга бааларды жана салыктарды коюуну макулдашуу зарыл. Мен бардык Тараптарды пикир келишпестиктерди жеңип, ушул маселе боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишүүгө чакырам. Биз өз иштерибизди убакытты жоготпой аягына чыгарышыбыз керек.

Сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жыйынтыктоодон тышкары, дүйнөгө мамлекеттер өз багытын өзгөртүүгө даяр деген белги берүү дагы абдан маанилүү иш. Биз акыры ушул өзүбүздүн табият менен болгон согушубузду токтотушубуз керек жана 2050-жылга карата парник газдарынын көмүртегинин эмиссияларын өндүрүүнү нөлгө түшүрүү үчүн биздин саясий эркибиз бардыгын далилдөөгө тийишпиз».