Датасы:
- Апрель 2022 - Декабрь 2023-ж.
Локация:
- Баткен жана Ош облустары
- Кыргызстан
АРИС, Дүйнөлүк Банк
Долбоордун максаты Баткен жана Ош облустарында тогуз социалдык объектини (билим берүү жана саламаттыкты сактоо) энергетикалык жана сейсмикалык толук текшерүүдөн өткөрүү менен энергетикалык натыйжалуулугун жана сейсмикалык/түзүмдүк бекемдөө муктаждыгын баалоо болуп саналат.
RINA Consulting (Италия)
- Тогуз коомдук имаратта энергетикалык жана сейсмикалык текшерүүлөрдү жеринде жүргүзүү үчүн иш сапарга баруу;
- Алдын ала типтүү чиймелерди жана ар бир имаратка чыгымдардын эсебин кошуу менен концептуалдык өзгөртүлгөн варинттарды аныктоо. Имараттар боюнча документтердин негизинде сандык сейсмикалык баа берүүгө тиешелүү калибровка жүргүзүлөт.
- АРИС имараттарды реконструкциялоо үчүн даярдаган долбоордук жана тендердик документтерди карап чыгуу; Кароонун жыйынтыгы боюнча, талдоого алынган материалга бир катар сын-пикирлерди даярдоо. Сын-пикирлерди аткарууга АРИС жооп берет.
- Энергетикалык натыйжалуулукка инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн потенциалды жогорулатуу, бул энергия натыйжалуулук жана сейсмикалык коопсуздук боюнча даярдык жүргүзүүнү жана мониторинг протоколун иштеп чыгууну, ошондой эле ишке ашыруудан кийинки энергия үнөмдөө маселелери боюнча практикалык окутууларды камтыйт.