Категория:
Датасы:
- Август 2024-ж. - Декабрь 2025ж.
Локация:
- Кыргызстан
Кыргызстанда үй чарбалары жана имарат ээлери үчүн Бишкектен тышкары аймактарда энергия натыйжалуулук чөйрөсүндөгү сапаттуу кызматтарга жетүү чектелүү. Ушул IKI Small Grants долбоору Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Баткенде энергия үнөмдүүлүк боюнча квалификациялуу эксперттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана Кыргызстандын экономика жана курулуш секторунун жогорку энергия сыйымдуулугун жакшыртууга жардам берет. Мындан тышкары, долбоор Кыргызстандын энергетикалык жана климаттык саясатын ишке ашырууга көмөктөшөт.
Долбоор энергия үнөмдөө боюнча көз карандысыз консультанттарга, ошондой эле инжинерия, энергетика, архитектура жана курулуш сыяктуу жакын тармактарда жаӊы иштеп баштаган адистерге багытталган. Өзгөчө көӊүл жаштарга жана аялдарга бурулат. Долбоор мамлекеттик аккредитацияны алыш үчүн жергиликтүү консультанттардын техникалык жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөткөшөт. Ал консультанттарды тармак түзүү аракетин жана билимин алмашуусун колдойт, жаш бүтүрүүчүлөр арасында энергия үнөмдөө секторун жайылтууга көмөк көрсөтөтөт, ошондой эле эксперттер, технологияларды камсыздоочулар менен өкмөт ортосундагы саясий диалогду өнүктүрөт.