
“Жашыл экономика – Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”. Мына ушундай ураан менен 2016-жылдын 30-ноябрында Бишкекте Европа мейманканасында саат 9.30 -17.30 чейин жыл сайын уюштурулуучу “Кыргыз Республикасынын жашыл экономикага өтүүсүнө көмөктөшүү” аттуу Жашыл экономика форуму өткөрүлөт.
Быйылкы жолугушуу жашыл экономикага өтүүнүн зарылдыгын тааныган белгилүү эксперттерди, бизнесмендерди, саясатчыларды, мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарды чогултат. Катышуучулар талкуу топторунда энергетика, жаратылышты пайдалануу жана инфратүзүм жаатында “жашыл экономиканы” өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча так сунуштарды иштеп чыгышат.
Форумда Кыргызстандын экономикалык өнүгүп өсүүсүн айлана-чөйрөнү коргоо, энергетикалык коопсуздук жана социалдык жыргалчылык менен айкалыштырууга мүмкүндүк берген жашыл экономиканы жайылтуу чараларын ишке ашыруу үчүн Жашыл фонддун өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн каралган каражатынын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу талкууланат.
Ал эми эл аралык жана улуттук алдыңкы эксперттери “жашыл экономиканын” секторлор боюнча өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу өздөрүнүн көз караштарын бөлүшөт. Катышуучулар жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча өлкө концепциясын түзүүгө көмөктөшө турган ири демилгелер тууралуу да маалымат ала алышат. Ошондой эле, көйгөйлөр, жолтоо кылган тоскоолдуктар, мыйзамдык жана салыктык база тууралуу талкуулар уюштурулат.
2016-жылдагы Жашыл экономика форумун уюштуруу мындан аркы экономикалык өнүгүү үчүн Өкмөткө көмөк көрсөтүүгө багытталган Кыргызстандагы “жашыл демилгенин” уландысы болуп саналат. Бул фактор дүйнө жүзү боюнча байкалып жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн жана экологиялык көйгөйлөрдүн мезгилинде зор мааниге ээ, анткени учурда баардык өлкөлөр жаратылышка ырааттуу жана аяр мамиле кылуу максатында улуттук өнүгүү программаларын кайрадан карап жатат, мындан Кыргызстан да четте калбашы керек.
Форумдун уюштуруучулары болгон Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) Юнисон Групп, КРнын Экономика министрлиги жана КРнын Соода өнөр-жай палатасы туура саясат жана талаптагыдай стратегия менен жашыл экономикага өтүү социалдык жана экологиялык көз караштар боюнча көп жагынан утушка алып келээрине терең ишенимин билдирет. Ал эми жашыл экономикага өтүү иши канчалык узак жана түйшүктүү болоору аны туура пландоого байланыштуу болот. Ошондуктан бул багыттагы негизги иш-чаралардын бири – жаштарды билим берүүнүн баардык деңгээлдеринде жаңы иш-тажрыйбаларга үйрөтүүнү өнүктүрүү болуп саналат.
Форумдун соңунда келечекте коомчулуктун көңүлүн бура ала турган Резолюция жана аракет планы кабыл алынаар күтүлүүдө.
Бул стратегиялык документтер министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелер үчүн жалпы колдонмо боло алат. Аларда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшө турган жагымдуу факторлор көрсөтүлөт, укуктук аспектилер, каржылык инструменттер жана инвестиция алуунун жеткиликтүүлүгү боюнча чаралар жазылат.
ФОРУМДА КЕЗЕКТЕГИ ИШ-ЧАРАЛАР КАМТЫЛГАН:
30-ноябрь 2016-жыл
- «Жашыл экономика форуму» - Кыргызстанда жашыл экономиканын негизи жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча топтордо иш алып баруу, жашыл экономиканы жайылтуу ЖАНА өнүктүрүү багытындагы негизги тармактар.
1-декабрь 2016-жыл
- Аймактардан келген катышуучулар жана Кыргызстандын ЖКК өкүлдөрү үчүн тааныштыруу иш-чарасы: жашыл технологияларды ийгиликтүү колдонгон компанияларды кыдыруу болот.