Мини ГЭСтерди колдонуунун артыкчылыктары

Кыргызстанда гидроэнергетиканы пайдалануу маселесинин актуалдуулугу күн санап өсүүдө. Электр энергиясы жогорку денгээлдеги технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, калктын жашоо турмушун жана жыргалчылыгын камсыз кылууга жардам берет. Ошону менен бирге өлкөдөгү техникалык прогрессти дагы аныктайт.

Юнисон Групптун адистеринин айтымында, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы зор. Биздин Республика жалпы КМШ мамлекеттеринин гидроресурстардын пайыздык катышы боюнча Тажикстандан кийинки экинчи орунду ээлейт. Бирок гидроэнергетикалык потенциалды өздөштүрүүнүн пайызы болгону 10% гана түзөт.

Гидроэлектр станцияларынын негизги артыкчылыктарынын бири - электр энергиясын экологияга зыян келтирбей иштеп чыгуусу. Белгилүү болгондой, "Жашыл" экономиканын негизги түрлөрүнүн бири гидроэлектрстанцияларын куруу болуп саналат.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, тоо сууларына ГЭС куруу менен экспорттоого жана ошону менен бирге гидроэнергетикалык өлкө болууга мүмкүнчүлүгү бар. Салттуу эмес энергетиканы өнүктүрүүнүн кыйла натыйжалуу багыттарынын бири - чакан ГЭСтер. Алардын жардамы менен чакан суу агындарынан энергияны өндүрүп алуу толук мүмкүн.

Чакан гидроэнергетика объекттерин кубаттуулук боюнча классификациялоо:

МикроГэс – 100 кВт чейин

МиниГэс – 100 кВт-1МВт

ЧаканГэс – 1-30 МВт

Кыргызстандын территориясында 25 миңден ашык дарыялар жана булуактар агат. Бардык суулардын жалпы узундугу 500 миң км. ашат жана  өлкөнүн дарыяларынын жылдык гидроэнергетикалык потенциалы 5000-8000 млн кВт.саат экендиги аныкталган. Микро ГЭСтин жардамы менен чакан суу агындарынын энергиясын пайдалануу – салттуу эмес энергетиканын өнүгүшүнүн кыйла натыйжалуу багыттарынын бири.

Чакан-гидроэлектростанциялар электр энергиясы менен алыскы жана тышкы энергетика системасынан бөлүнгөн керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга арналган.

Иштөөнүн негизги принциптери:

МикроГЭС суу дөңгөлөгү же гидравликалык Турбинанын жардамы менен энергияны иштеп чыгат. Суунун агымынын энергиясы механикалык энергияга гидротурбинанын жардамы менен айланат. Андан сон генератордун роторунда механикалык энергия электр энергиясына айланат.

Аларды чакан суу объектерине – дарыяларга, ал тургай булактарга орнотууга болот. Бул чакан калктуу конуштар, фермердик жана дыйкан чарба, погранзастава, гидрометеостанция жана айылдык фельдшердик-акушердик пункттар жайгашкан тоолуу өрөөндөрүндө, капчыгайларга жакын суулардын жана суу жеткирүүгө кыйын райондорго ишке киргизүүгө мүмкүн.

Чакан ГЭСтердин булактары:

  • Чакан дарыялар, булактар
  • Өнөр жай жана канализация таштандылары
  • Ирригациялык каналдар
  • Жасалма көлмөлөр

Микро ГЭСтердин артыкчылыктары:

  • Жаратылыш ландшафтын жана айлана-чөйрөнү сактайт.
  • Суунун алгачкы табигый касиеттерин сактап калат. Дарыялардагы балыктарга зыян келтирилбейт,ал эми суу менен камсыздоого дагы колдонууга болот.
  • Керектөөчүгө туруктуу электр энергиясын салыштырмалуу арзан баада берүүнү камсыз кылат.
  • Кыска мөөнөттө – эки жумадан тартып бир нече айга чейинки мөөнөттө коюлат жана ишке киргизилет.
  • Электр энергиясына кеткен чыгымдарды үнөмдөйт жана энергиялык көз карандылыкты жоёт.
  • Өзүн-өзү актоо мөөнөтү көп эмес жана узак убакытка кызмат өтөйт.
  • Өндүрүлгөн энергия мунай, газ жана көмүр баасына көз каранды эмес.