БУУнун 26-климаттык өзгөрүүлөр боюнча алкактык конвенциясынын Конференциясы

2021-жылдын ноябрь айында Кыргызстан Улуу Британиянын Глазго шаарында өтө турган БУУ КОАК 26-конференциясына катышмакчы. 

Иш-чара Улуу Британиянын Глазо шаарында 1 нен 12- ноябрга чейин  Улуу Британия төрагалыгы менен жана Шотландиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен уюштуруулусу пландалууда. Бул конференция Париж макулдашуусунда белгиленген биринчи "негизги баа" болушу керек. Алгач бул иш-чара 2020-жылдын ноябрына пландаштырылган. Бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Буга чейинки дуйнөлук климаттык конференция COP-25, 2019-жылдын декабрь айында Мадрид шаарында өткөрулгон жана тилекке каршы максатына жетпей калган. Тушунбостүктүн башкы себеби болуп парник газдарын жөнгө салуу боюнча анык механизмдерди киргизууну караган   Климаттык 6-Париж макулдашуусу эсептелинет.

Европа Биримдиги, БУУ жана башкалар  жыйындын жыйынтыгы нааразычылыгын билдирип, Глазго шаарында өтө турган форумда абага ыргытылган зыяндуу заттардын көлөмүн кыскартуу боюнча узак мөөнөттүү стратегия тузулөөрунө ишеним артышты. Эске сала кетсек, учурда Кыргызстанда "Кыргыз Республикасынын климаттык саясаты боюнча позицияны белгилеген улуттук документ" иштелип жатат. Бул иш кагазы бекитилгенден кийин, ал Өкмөткө өткөрүлүп берилет жана документтин түздөн-түз презентациясы  БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын Конференциясы - COP-26да республиканын жетекчилигинин атынан жакталмакчы.